Бишкекте троллейбустун жүргүнчүлөрүнө бычак менен тап берип коркуткан жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Окуя бүгүн, 20-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Троллейбустун айдоочусу транспорт каражатын дароо токтотуп, Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде турган милиция кызматкеринен жардам сурап кайрылган. Айдоочу троллейбустун ичинде белгисиз жаран жүргүнчүлөргө карата бычак шилтеп жатканын айткан. Милиция кызматкери дароо транспорт каражатынын ичине киргенде, белгисиз жаран укук коргоо кызматкерине кол салууга аракет кылып, талаптарды аткарган эмес. Милиция кызматкери мыйзамга ылайык, асманга карата ок чыгарган. Бирок бычак көтөрүп жүргөн жаран бир дагы талапты аткарбай, троллейбустан сыртка чыгып Чүй кең көчөсүн көздөй качкан.
Патрулдук милиция кызматкерлери ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жана Биринчи Май РИИБинин ыкчам тобу менен биргеликте качууга аракет кылган жаранды кармашкан. Бычак менен тап берген жаранды кармоо учурунда Биринчи Май РИИБинин кызматкери колунан жаракат алган.
Кармалган жаран Биринчи Май РИИБине алып келинип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал өзүн 1992-жылы туулган Т. У. аттуу Чүй облусунун тургуну деп тааныштырды.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда иликтөө иштери улантылууда, кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз жаран бычак кармап, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылып жаткан видео тараган.