Бишкекте белгисиз жаран троллейбустун жүргүнчүлөрүн бычак менен коркутту. Айдоочу окуянын чоо-жайын айтып берди

Бишкекте троллейбустун жүргүнчүлөрүнө, андан кийин милиция кызматкерлерине бычак менен тап берген жаран кармалды. Троллейбустун айдоочусу окуянын чоо-жайы тууралуу айткан видеосун Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан таратышты.

Айдоочу бычак менен коркуткан жаран эшикке жабышып алганда эскертүү берем деп андан жаман сөздөрдү укканын айтат. Ошондо жүргүнчүлөрдүн бири аял кишини сөкпө дегенде күрмөсүн чече калып, жаран бычак менен тап бере баштаган дейт.

Айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөктө милиция кызматкерлери турганын көрүп, троллейбусту токтотуп, алардан жардам сурап кайрылган. Коркутуп жаткан адам жардамга келген кызматкерге дагы бычак такагандыктан эшикти ачып жибергенин кошумчалады.

Окуя бүгүн, 20-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бычак менен тап берген жаранды патрулдук милиция кызматкерлери, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жана Биринчи Май РИИБинин ыкчам тобу кармаган. Кармалган жаран өзүн 1992-жылы туулган Т. У. аттуу Чүй облусунун тургуну деп тааныштырган.

Троллейбустун айдоочусу окуя тууралуу айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Farkhat07.05.89
2019-11-21 01:23:41
Эгер чын эле ИИМдин биринчи орун басары кочодогу тартипти карап журсо жакшыго.Озу кармаптырго бычак менен коркутканды
+3
assr
2019-11-21 16:21:41
чуйлуктор жаман тажатты блин
-3
medetbek
2019-11-21 19:52:17
Кечээ көрдүм эле видеосу фейсбуктан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан