Жарандык активист Айбек Мырза: "Жергиликтүү кеңештин депутатынын жогорку билими болушу керек деген Конституцияга каршы келет". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жергиликтүү кеңешке депутат болууну каалагандардын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу зарыл экени айтылды. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров билдирди. Ал шайлоо мыйзамдарына киргизилген ушундай талап күчүндө экенин айтты.

Демилге депутаттар арасында талаш-тартышты жаратты. Мындан улам SUPER.KG порталы "Жергиликтүү кеңештин депутатына жогорку билимдин зарылчылыгы барбы?" деген собол салды.

Жарандык активист Айбек Мырза жергиликтүү кеңештин депутатына жогорку билимдин зарылчылыгы жок деген ойдо.

"Менин оюмча, жергиликтүү кеңештин депутатына жогорку билимдин зарылчылыгы деле жок. Анткени жергиликтүү эл ким ишти адилеттүү, калыс алып кете ала турган адамды депутат кылып шайлайт. Мыйзам боюнча, ар бир адам шайланууга жана шайлоого укугу бар. Билими жок болсо шайланбай калат деген Конституцияга каршы келет. Адамдын билимине эмес, жасаган эмгегине караш керек. Жергиликтүү кеңештин депутатына элдин ишенимине ээ болгон адам шайланышы шарт", - дейт Айбек Мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан