Депутат Төрөбаев өкмөт жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керектигин айтты

Депутат Бакыт Төрөбаев өкмөт жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден кийин бир катар маселелер жаралганын айтып, ата мекендик ишкерлердин иши жүрбөй жатканына токтолду.

"ЕАЭБ алкагында акча каражатынын эркин өтүшүнө чек коюлду. Ун кымбаттап, ун тармагы жок болду. Айыл чарба продукциясы Орусиянын чек арасынан кайра келип жатат. Кечээ Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде автоунаалардын бажы төлөмү боюнча сунуш өтпөй калды", - дейт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан