Ырчы Илгиз Абдалиев сүйүктүүсүн ачыктады. Жакында той

"Жүрөгүм", "Гүлдөй, гүлдөй", "Асылым" жана башка ырлардын аткаруучусу, ырчы Ильгиз Абдалиев жүрөгүнүн ээсин ачыкка чыгарды. Жакынкы күндөрдө ал сүйүктүүсүнө баш кошору тууралуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Эртең, 22-ноябрда туулган күнүм, буюрса, 30 жашка чыгам. Туулган күнүмдү белгилеп алып, эртеси Жумгалга барып сүйүктүүмө сөйкө салып, кыргыздын каада-салты менен үйүнөн алып келем. Болочок жубайымдын аты - Назима, 23 жашта. Учурда Кыргыз Мамлекеттик тоо-кен университетинде бухгалтерлик кесипке окуп жатат. Аябай жайдары, үй оокаттарына тың, сый-урматты билген, тамашакөй, түшүнүктүү кыз. Аны бир көргөндө жактырып, кыз-жигит болууну сунуштадым. Андан көп өтпөй "мага турмушка чыгасыңбы?" дедим (күлүп). Эң негизгиси, мени сүйгөн жана мен сүйгөн кызды жолуктурдум", - дейт ырчы мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aiba_00
2019-11-21 12:14:52
Ушундай да ырчы барбы.
+8
katerina.li
2019-11-21 12:16:49
Ырчы коп баш айланат
+12
Guliza85
2019-11-21 12:24:12
Бул жигит мурун уйлонгон болсо керек?Бул сулуу канчанчы аялы болуп калат ошондо?
+5
Aiza9797
2019-11-21 12:28:30
Guliza85, Экинчи аялы
+4
Hurem
2019-11-21 12:43:11
Анжелика озун супер инфого жазбасын айты, а Данияр Эрматов менен да урушуп кеттинер беле?
+7
tihonkg
2019-11-21 12:46:40
супер силерди чото сыйлагым келбей калды кайдагы аты чыкпаган ырчыларды айтып Данияр Эрматовду такыр айтпадынар же акчанын кулу болдунарбы де уруштунарбы, силер эллик гезитсинер,озунорду гана ойлойсун чото акыркы кундору
+8
Stervashka
2019-11-22 03:11:09
tihonkg,супер инфо оздорундо кабарчы болуп иштеп кеткен Максатты да чыгарбай коюшту го уйлонгондо. Араларынан ала мышык отуп кеткен окшойт. Даниярды да чыгарбай коюшту.
+4
rejepova
2019-11-21 12:56:20
Былтыры уйлонду элего тойу менен
+5
010288
2019-11-21 13:43:20
Анжелика жокко чето
-1
Wibee
2019-11-21 13:49:00
010288,отпускада
-1
bond02
2019-11-21 14:19:39
Жонокой адамдардын уйлонуп, турмушка чыкканын жазбайсынарбы?
+3
elmira.
2019-11-21 21:48:28
Ай бул бал 2-син былтыры алды элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан