19-ноябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда министр Кыргыз улуттук агрардык окуу жайынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Бишкек автомобиль жана жол куруу колледжинин, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык окуу жайынын, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканаларынын абалы менен таанышып, студенттердин жашоо шарттары, окуулары боюнча баарлашканы белгиленди.
"Министр аталган окуу жайлардын жатаканаларындагы бөлмөлөрдүн абалы, тамак жасоочу, санитардык жана жуунучу жайларынын шарттары менен таанышты. Мындан тышкары, Каныбек Исаков студенттик кеңештин төрагалары, ар бир кабаттын старосталары менен баарлашты. Жатаканада студенттер үчүн ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүсүнө кызыкты.
Министр таанышкан Бишкек автомобиль жана жол куруу колледжинин жатаканасынын 1-2-3-кабаттарында үй-бүлөлүү кызматкерлер болсо, 4-кабатында студенттер жашашат. Исаков жатаканадагы өрт коопсуздук талаптарын сактоого жана жылуулук системин жакшыртууга көңүл бурулушу керектигин айтты.
Соңунда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында болуп, секциялардын абалы орто деңгээлде экенин белгилеп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканалардын инфраструктурасын жакшыртуу: кеңейтүү, өнүктүрүү, жатаканалардын айланасын жарыктандыруу, коопсуздук камераларын орнотуу боюнча тапшырмалар берилерин айтты.