"Андай болгон эмес..." Депутаттар менен жолугушуу учурунда ыйлап калган кыз боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы түшүндүрмө берди

Кечээ, 20-ноябрда депутаттар менен жолугушуу учурунда ыйлап калган кыз боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда түшүндүрмө таратты.

"Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңеш жана эл өкүлдөрүнө карата сын-пикирлердин дээрлик баарын эле түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок айрым медиа уюмдардын балдардын видеосун, сүрөтүн жана ысымын колдонуу аркылуу депутаттарга карата нааразычылыкты күчөтүү аракетине жол берилбеши керек деп эсептейбиз. 20-ноябрда Жогорку Кеңеш Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өлкөбүздүн жети дубанынан келген балдарды кабыл алып, майрамы менен куттуктап жана алардын балдар темасына байланыштуу даярдаган баяндамаларын, суроолорун угушкан. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарткан төмөнкү видеодо көрүнүп тургандай, бул жыйынга депутаттар, балдар, балдар укугун коргоо боюнча адистер, ЮНИСЕФ уюмунун кызматкерлери жана журналисттер катышкан. Кичинекей коногубуз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон катышуучулардын баары, бир эле депутаттар эмес, телеоператорлор дагы күлүп, анын артынан дароо кол чаап колдоп жиберишти. Бул жагдай кичинекей коногубузду толкунданткандай болду. Видеонун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарткан версиясында жыйынды алып барган вице-спикер Аида Касымалиева кичинекей коногубузга кайрылып: “Жакшы маалымат бергениң үчүн сени колдоп кол чаап жатабыз. Азаматсың!” деп айтканын угууга болот. Жыйындын катышуучуларынын бардыгынын пикири ушундай деп ойлойбуз. Биз ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен дагы бул окуяны талкуулап, толугураак түшүндүрмө берүүгө даярбыз. Айрым маалымат каражаттары жазгандай “Жогорку Кеңештин депутаттары кичинекей кызды шылдыңдап, ыйлатканга чейин барышты” дегендей маалыматтар чындыкка жатпайт", - деп айтылат маалыматта.

Сөз болгон видео интернетке тараган соң, окуучу кыздын сүйлөгөнүнө күлүп жибергендер катуу сынга кабылган болчу.

Мектептин абалын айткан окуучу кыздын ыйлаганы боюнча директор: “Ал сүрдөп кетти“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан