Бишкекте 46 жаштагы аял үч эм төрөдү

Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо 3 эм жарыкка келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
46 жаштагы Айнура Жайнакова 2 кыз (1 килограмм 750 грамм жана 1 килограмм 270 грамм) жана 1 уулду (1 килограмм 450 грамм) жарыкка алып келди. Дарыгерлер эненин абалы жакшы экендигин жана балдары убактылуу жаңы төрөлгөн ымыркайларга ылайыкталган бөлүмдө жатканын айтышты. Үч эм менен энесин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова менен Октябрь акимиатынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Зарема Өмүрзакова келип, кабар алып кетишти.
Кошумчалай кетсек, Жайнакованын өспүрүм курактагы эки уулу бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alive
2019-11-21 15:59:13
Омурлору узун денсоолугу чын балдардан болушсун, мындай жакшылыктар мага да насип этсин, оомийн!
+11
akmanai
2019-11-22 02:51:05
Эгиздер сиздерге коп жакшылык алып келсин. Наристелер кут болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан