Жарандык активист Адил Турдукулов: "Каниметовдун өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деп айткан сөзү анын сабатсыздыгынан, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү билбегендигинен кабар берет". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок экенине көптөр ишенбейт деген пикирде.

"Уюшкан кылмыштуу топ болбосо, анда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын эмне кереги бар? Бул сөзгө көптөр ишенбейт болушу керек. Анткени уюшкан кылмыштуу топтор дайыма Кыргыз бийлиги менен чырмалышып, керек болсо саясатка да аралашкан учурлары боюнча көптөгөн мисалдарды билебиз. Бул нерсе азыр дагы уланып жатат. Депутат болуп шайланган, бийлик органдарына абдан чоң таасир эткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү элге маалым. Ички иштер министринин орун басары эмне үчүн минтип айтып жатканы мага түшүнүксүз. Ал бул сөз менен өзүнүн сабатсыздыгын, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү билбегендигинен кабар берет", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан