Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Уюшкан кылмыштуу топтор бар экенин элдин баары билет". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, ИИМ өздөрүнүн айткан сөздөрүнө өзүлөрү каршы чыгып жатышат.

"Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү элди кыдырып, ишкерлерди аралап, жарандарыбыз менен жолугуп, маалыматтарды алып сураштырса, уюшкан кылмыштуу топ тууралуу эле эмес, милицияда иштеген кызматкерлери жөнүндө көп маалымат ала алат. Уюшкан кылмыштуу топтор бар экенин элдин баары билет. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды деп өздөрү маалымат берип жатышат. ИИМ өз сөзүнө өздөрү каршы чыгып жатат", - дейт Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан