Саясат таануучу Игорь Шестаков: "Ички иштер министринин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жок дегенин тамаша катары эле кабыл алуу керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

Саясат таануучу Игорь Шестаков мындай жооптор бир гана жылмаюуну пайда кылат деп билдирди. "Министрдин орун басары каалаганын чындыкка алмаштырып алды. Бул жооп болгону жүзүбүздө жылмаюуну гана пайда кылат. Казакстанда биздин депутат кармалганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү деп көп айтылган. Эгер андай топтун мүчөсү бийликте отурган болсо, эмне жөнүндө айтышыбыз керек? Бул жоопту тамаша катары гана кабыл алуу керек деген пикирдемин", - дейт Шестаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан