Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.
Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова министрдин орун басары мындай кескин жооп бергенин башка суроолорго жооп бербөөнүн амалы катары кабыл алганын айтты.
"Уюшкан кылмыштуу топ жок деген жоопко ишенүү албетте, кыйын. Мисалы, учурда биз кылмыштуу топторду гана эмес, аларды ким жетектегенин, алар тууралуу толук маалыматтар баарыбызга белгилүү да. Ким ким менен тирешип, ким кимди жок кылып жатканынан бери маалыматтар бар.
Эгер министрдин орун басары “бар” деп жооп бергенде, канчасы кармалды, канчасы жазаланды деген толгон суроолорго жооп бериши керек болуп калмак. Ал эми ал андай суроолорго жооп бере албайт болчу. Себеби кылмыштуу топтор менен учурда эч кандай күрөш жүргөн жок. Айрым кызматкерлери да алар менен аралашып кетип жатпайбы. Кескин жооп бергенин мен башка суроолорго жооп бербөө амалы катары бааладым", - деди Сооронкулова.