Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.
Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.
Депутат Руслан Казакбаев министрдин орун басарынын мындай жообуна таң калганын айтат. "Ички иштер министринин орун басары мындай жоопту расмий маалымат жыйынында айтып жатса, мүмкүн министрликте бир маселелер же түшүнбөстүктөр болуп жаткандыр. Себеби уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу маалыматтардын баары коомчулукка белгилүү. Бул тууралуу жада калса коңшу өлкөлөр да жазып келет.
Мен буга чейин бул маселелерди жыйында да көтөрүп, Кыргыз өлкөсүнүн ички, сырткы саясаты, маалымат коопсуздугу тууралуу өкмөттүк күн өткөрөлү, ИИМдеги көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берели деп сунуштагам. Бул маселени тезинен карап чыгуу зарыл.
Албетте, министрдин орун басарынын мындай жообу мени таң калтырат. Бул жооп ИИМде системдик кризис болуп жатканынан кабар берет. Жаңы кодекстердин кабыл алынышы менен айлык акыларынын аздыгы, социалдык камсыздоо начар болгондугу, эң көп кадрлар кеткен мекеме болуп ИИМ болуп жатпайбы. Эгер мындай жол менен кете берсе, жакын арада карапайым калк милиция кызматкерлерин таппай калышы мүмкүн", - дейт Казакбаев.