Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан