Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго генерал-майор наамы ыйгарылды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, бир катар кызматкерлерге наамдарды ыйгарды. Анда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго "Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан маалымдады.

Бакшы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буга чейин юстициянын 1-класстагы кеңешчиси - полковник деген наамы болгон. Ал эми жаңы чин рангдар жөнүндөгү табелге ылайык, генерал-майор наамына тең.

Бүгүн, 22-ноябрда кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болгон. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан