Гүлжигит Алыкулов жакында Европанын башка клубуна өтөбү? Футболчунун агенти айтып берди

Улуттук курама команданын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Европанын клубдарын кызыктырат. Бул тууралуу футболчунун агенти Владимир Осипов айтып берди.

"Гүлжигит Алыкулов көпчүлүк клубдарды кызыктырат. Биз реалдуу сунуштарды карап көрөбүз. Каражат жагынан эң кирешелүү сунушту Казакстандын Премьер-Лигасындагы клуб сунуштаган. Бирок бул жак бизди кызыктырбайт. Биз Европага кызыгабыз, анын эң аз дегени Орусия Премьер-Лигасы. "Неман" клубу менен келишим боюнча тиешелүү сунуш аткарылса, Алыкулов башка клубга өтө алат. Кышында башка клубга кетпесе, анда "Неманда" эле ойнойт", - деген агент.

Гүлжигит Алыкулов учурда Беларустун "Неман" клубунда ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
TalaCSKA
2019-11-22 19:33:56
Европанын бир кучтуу клубунда ойногонго татыктуусун Гулжигит!!!
+22
Erkinbek19841501
2019-11-22 19:35:02
Келечеги кен жигит
+15
murat17
2019-11-22 20:46:12
Фк Баварияга бар ал жерде Риберинин орду бош
+8
murat17
2019-11-22 20:49:55
murat17,тамаша бирок ошондой болуп калса чон жетишкендик болмок бирок Белоруста Алыкуловду аябай сыйлайт экен Месси дешип [moderated]дан дагы кордум шоуга катышканын озунун айтуусу боюнча кайра Турцияга кайтат окшойт
+7
cholpon119966
2019-11-22 23:12:50
Европанын клубдарында ойногонго татыктуу, таланттуу дагы бир кыргыз футболчусу, инибизге ийгилик, чон жетишкендиктерди каалайбыз.
+8
ruslanz
2019-11-23 10:15:09
Азамат.Негизи Кырг-да таланттуу адамдар коп.Бийлигибиз гана окшошпой атат.
+6
Coutinho14
2019-11-23 13:42:02
Азаматсын Гулжигит!Тек гана алга!
+4
elb_2121
2019-11-23 17:44:06
туура казактар деле бизден айырмасы жок Европага кет
0
sessa
2019-11-24 23:20:33
Молодец кыйын оюнчу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан