Кечээ, 21-ноябрь күнү "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялады. Иликтөөнүн алгачкы бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан эле. Резонанс жараткан иликтөөнүн уландысы "Азаттыктан" тышкары, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргыз өлкөсүндөгү өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттиги менен биргеликте жүргүзүлгөнү жазылган.
Иликтөөнүн бул чыгарылышында эң негизги маалымат "Азаттыктын" маалымат булагы Түркияда 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити өзү болгону болду.
Вице-спикер Мирлан Бакиров алдын ала бирөөнү күнөлүү деп айтуудан алыс экенин билдирди. "Азаттыктын" иликтөөсүнүн уландысы Кыргыз мамлекетиндеги кээ бир фамилиялар менен айрым күчтөрдүн айланасында күрөшүү жүрүп жаткандай ой калтырат. Саймаити 1999-жылы Кыргыз мамлекетине келип, Ош облусунда бир топ тааныштарды күткөн. Ал расмий эмес жолдор менен акча которуу болгонун тастыктап жатат. Коомчулукта ар кандай пикирлер жаралып жатат. Буга мекемелер аралык атайын комиссия күч түзүмдөрү менен биргеликте чекит коё алат. Ага чейин ар кандай ой-пикирди айтуудан алыс болуу керек. Себеби бүдөмүк ойлор көп. Алдын ала бирөөнү күнөлүү деп айтуудан алысмын, расмий органдардын корутундусун күтүшүбүз керек", - деди ал.
Депутат Исхак Масалиев бул маселе иликтениши керектигин айтты. "Азаттыктын" биринчи иликтөөсүндө деле ушундай жаңылык чыккан. Жыйынтыктары бир эле. Мында бир гана Саймаитинин маеги кошулган. Мен башынан эле бул маселени такташ керек деп айткам. Мамлекеттик орган кандай болгонун иликтөө зарыл. Бажы кызматында ушундай көйгөй болсо, аны кантип токтотобуз деп ойлонушубуз керек. Токтом же мыйзам кабыл алуу шарт. Бул күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айта албайм , маселе иликтениши зарыл", - дейт Исхак Масалиев.
Депутат Мирлан Жээнчороев "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды текшерип, укуктук баа берүү тууралуу өтүнүч менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.
Ал эми депутат Дастан Бекешов иликтөө боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогонун социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.