Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Депутаттар журналист Али Токтакунов жыйынга эмне үчүн келбегенин сурашты

Бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов эмне үчүн "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов жыйынга келбегенин сурады.

"Азаттыктын" жетекчиси Айзада Касымалиева Али Токтакунов Прагада туруктуу иштей турганын айтты. Ошондуктан ал жыйынга келбегенин билдирди. Талант Мамытов Али Токтакунов өзү келсе туура болмок деген оюн айтты.

Депутат Мирлан Жээнчороев Али Токтакунов менен онлайн байланышууга мүмкүнчүлүк түзүп бере аласыңарбы деп сурады. Касымалиева мүмкүнчүлүк түзүлө турганын айтты.

21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан