Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасынын мурунку жетекчиси Талас Бегалиев "Достук" командасынын улакчысы, улуттук курама команданын негизги улакчыларынын бири саналган Манас Ниязовго аргымак тартуу кылды.
Талас Бегалиев кезинде Талас облусунун Көк бөрү федерациясынын жетекчиси болуп, "Ынтымак" командасын түптөгөнгө салым кошкон. Акыркы жылдары Кыргыз өлкөсүндө Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасынын беттештери кызуу болуп, эл арасында Эл-Класико аталып жүрөт. Эки команда ири мелдештерде ар дайым финалга жетип, баш байгени талашып келишет.
Кезинде, 2018-жылы Нооруз майрамына арналган мелдеште Талас Бегалиевдин иниси Канат Бегалиев "Талас элинен спорт менен намыс жагынан талашпай эле койгула" деген сөзү коомчулукта талкуу жараткан.
Талас Бегалиев кыл чайнашкан каршылаш командасынын лидерине аргымак тартуу кылганын чыныгы жигиттик сапат деп белгилешти күйөрмандар. Буга чейин Талас Бегалиев эрежесиз урушта Кыргыз желегин желбиретип жүргөн мушкер Канат Келдибековго да аргымак тартуу кылган.