Бүгүн, 23-ноябрь күнү куудул Союзбек Сейитказиевдин "Сокеден сонун концерт" аталышындагы тушоо кесүү концерти болуп өттү. Концерт белгиленген убакыттан жарым саат кечигип, зал толгондо көшөгөсүн ачты. Союзбекти колдоп-коштоп куудулдар Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков, "Беш тапан" куудулдар тобу, ырчылар Гүлжигит Сатыбеков жана Улан Осмон уулу келип, элдин көңүлүн ачышты.
Быйыл куудул Рахман Разыковдун шакирттери кыйын чыгып, удаа концерт берип жатышат. Буга чейин куудул Гүлжайна Атаканова концерт берип, устатын чакырып, эл алдында күлүк тартуу кылганын айткан. Анын артынан эле Соке (чыгармачыл чөйрөдө Союзбекти ушинтип аташат) устатын сыйлап, кымбат баалуу тебетей белек кылды. Абдылда Иманкулов мындай нерсени жөн өткөрүп жибермек беле, "Союзбек жана түштөнүп отурганыбызда Рахманга чалып, башынын размерин сурады эле. Ага баш кийим кийгизет го деп ойлогом. Өзүмчө эмнеге менден сураган жок, тууганым эмеспи, меникин билсе керек да деп койгом. Эми карасаңар чын эле белегин мага эмес Рахманга эле берди", - деп тамашалай кетти.
Мурун Гүлжигит Сатыбековдун концертине Союзбек алып баруучулук кылып жүргөндө бир нерсени эстеп калган экен. Сиз мага "гүл алган кандай болорун билесиңби? Менин гүлдөрүмдү ташып тур", - деп гүл ташытып койдуңуз эле. Эми мен толтура гүл алдым, сиз алган жоксуз. Бүгүн менин гүлдөрүмдү ташып коюңузчу деп гүлдөрүн ташытты.
Концерттин эң таасирдүү жери Союзбектин апасына арнаган ыры болду. Апасына гүл берип, "апам менин күнүм, айым" деп мактоо сөздөрүн айтып жатып көзүнө жаш алды. Анын таасирдүү сөздөрүнөн эл да ыйлады.
Ошентип, куудулдун тушоо кесүү концерти ийгиликтүү аяктады.