Мирлан Абдыкалыков режиссёрлук кылган "Жөө күлүк" тасмасында баш каармандын ролун жараткан актёр Руслан Орозакунов Мароккодо өткөн эл аралык кинофестивалда "Эркектин мыкты ролу" наамына татыды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"16-22-ноябрь күндөрү Марокконун Рабат шаарында 24-эл аралык кинофестиваль өттү. Ага Кытай, Эстония, Испания, Италия, Араб өлкөлөрү жана башка жактан жалпысынан 44төн ашык өкүлдөр келишти. "Жөө күлүк" тасмасы калыстар тарабынан "өзгөчө тасма" деп бааланып, атайын байгеге ээ болду. Ал эми "Эркектин мыкты ролу" наамы мага ыйгарылды. Кезинде Сүймөнкул Чокморов бир нече эл аралык кинофестивалдан "Мыкты эркектин ролун" багындырган эле. Мен да легендабыздын жолун жолдоп, буюрса, биринчи эл аралык сыйлыгымды алып жатам", - дейт актёр.