Түркмөнстанда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтүүдө. Анын негизги талаптарынын бири - арыктоо экендигин жергиликтүү маалымат булактары жазууда. Анда Лебап, Ашхабад, Мары шаарларында бул багыттагы кызматкерлерге талап күч болуп жаткандыгы белгиленет.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлеринин салмагы 100 килограммдан жогору болбошу керек деген талап коюлган. Бул көрсөткүчтөн салмагы жогору болгон кызматкерлерге арыктоого 1 ай мөөнөт берилген. 25-декабрга чейин талаптагы салмакка ылайыктап арыктабаган полиция кызматкерлери жумуштан кетүү боюнча арыз жазышары эскертилген. Аттестациянын жүрүшүндө ИИМ кызматкерлеринен билими жана физикалык даярдыктары да текшерүүгө алынган.
Маалыматта ушул тапта аталган шаарлардын ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери спорт менен машыгып, арыктоо аракеттерин көрүп жаткандыктары белгиленет.