Бүгүн, 25-ноябрда Ак Үйдүн алдында "Азаттыктын" чуулгандуу иликтөөсү боюнча митинг болуп өттү. Митинг катышуучулары бийликке эскертүү катары сары айып кагазын көрсөтүштү. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан митингге 400дөн ашуун адам катышканын билдиришти. Митингдин катышуучулары тарабынан укук бузуулар катталган жок.
Митингдин катышуучулары тарап жатышат.
Акциянын модератору Улан Үсөйүн бул биринчи коңгуроо экенин, бийлик тараптан реакция болбосо, мындай акцияны дагы уланта турганын билдирди. Андан ары ал митингдин катышуучуларына талаптарга кол коюп, үйлөргө тарап кетүүгө чакырды.
Митингдин катышуучулары Ак Үйдүн бет маңдайына келишти.
Митингдин катышуучулары Ак Үйдүн алдын көздөй басып бара жатышат.
Митингдин катышуучулары "Уурулар түрмөгө, реалдуу реформалар. Раим камалсын!" деп кыйкырып жатышат.
Митингге милиция кызматкерлери келди. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев негизги аянтка 13-ноябрдан митинг өткөрүүгө болбойт деп тыюу салынганын айтты. Ал митинг мыйзамсыз өтүп жатканын айтып, чыр чыкпаса, анда кармоолор да болбой турганын билдирди.
Учурда митинг катышуучулар Кыргыз Республикасынын гимнин ырдап жатышат.
Митинг башталды. Учурда митингдин эрежелери тааныштырылууда. Улан Үсөйүн митингдин жүрүшүнөн катышуучуларын каршылык акция өткөрүүнүн маданияттуу үлгүсүн көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле ал эч кимге сөз берилбей турганын айтты.
Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келди. "Бул жерге жарандарды колдоо үчүн келдим. Алардын талабын да колдойм" дейт эл өкүлү.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Тынч жыйынды колдойм. Ушундай жагымсыз факты боюнча ага реакция кылбай жаткан бийликке нааразыбыз. Башкы фигуранттар токтоосуз түрдө камалышы керек. Президент элди ойлосо, бир чечимге келиши керек", - дейт.
Нааразычылык акциясынын модератору Улан Үсөйүндүн айтымында, митингге миңдей адам катышуусу күтүлүүдө. "Азыр эл чогулуп жатат. Митинг башталганда миңге жакын адам чогулат деген божомолубуз бар", - дейт ал.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Биз иликтөө боюнча митингге чыгып, бийликтен адекваттуу реакция күтөбүз. Коррупцияга малынган аткаминерлер жоопкерчиликке тартылсын. Иликтөө чыккандан кийин реакция болгон жок", - дейт.
Учурда митингге катышуу үчүн келгендер чогулууда.