Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргыз өлкөсүнө келет

27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет. Мындай маалыматты бүгүн, 25-ноябрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Данияр Сыдыков иш сапардын алкагында транспорт, миграция, саламаттыкты сактоо, чек ара жана соода сатык маселелери каралып, келишимдерге кол коюлары күтүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, ошол эле күнү өлкө аралык кыргыз-казак кеңеши орун алат. Кеңеш акыркы 5 жылдан бери биринчи жолу өтөрүн кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан