"Кыргыз эркектери орой келишет". "Жубайыма" ырына тартылган клиптин жаратуучулары жана ырдын автору мырзаларды жумшак болууга чакырышты

Бүгүн, 25-ноябрда SUPER-MEDIA пресс-борборунда обончу, аткаруучу Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" аттуу ырына тартылган клиптин бет ачары өттү. Ага клиптин жаратуучулары, ырчы, ошондой эле "Жубайыма" ырынын автору катышты.

Катышуучулар бул ырдын жаралуу тарыхын айтып жатышып, мырзаларды аялдарына карата жумшак болууга чакырышты.

"Мени эркектер жаман көрөт болушу керек. Бирок акындар чындыкты айтып турушу керек. Кыргыз эркектери орой болушат. Мен аларды аялдарга карата жумшак болууга чакырат элем", - деди акын Таирбек Эрматов.

Ал эми ырга обон жазып, ырдап чыккан Төлөгөн Мамыров өзү бойдок болсо да, күйөөлөрү тараптан жаман мамиле жасалган аялдарды аёо керектигин түшүнгөнүн айтты.

"Мен өзүм бойдокмун. Бирок көз алдыма алган жубайыма карата жаман мамиле жасап жатканымды элестетип көрдүм. Бул менин өзүмө деле жагымсыз чынында. Мага аялга жумшак болсоң, башка чыгып алат дегендер болду. Ошентсе да бул тема учурда актуалдуу экенин түшүндүм", - деди Мамыров.

Обончу, аткаруучу алдыда шаңдуу ырларды жаздырууну да көздөп жатканын, андан кийин коомдогу көңүл буруу керек болуп жаткан "Карылар үйү" деп аталган ыр менен чыгарына токтолду.

"Аялды катуу кармабаса башка чыгат деген туура эмес" дейт Төлөгөн Мамыров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
narjan
2019-11-25 13:41:02
Туура айтылган, аялдарда аяр мамиле жасаш керек
+1
trabzon11
2019-11-25 14:15:57
narjan,аяр болсон тобого чыгып алат,
-6
Sajakat14
2019-11-25 16:10:29
trabzon11,өзүнө ишенбеген эркек оройлукту эркектик күчтүүлүк деп билишет. Акылдык, моралдык күчтүүлүк деген түшүнүктөр менен иши жок болушат. Эркектер чоңойгула! Дагы деле кичине кезиңерде апаңарга эркелегендей аялдарыңарга мамиле кылбай. Өзүнө ишенген эркек оройлукту аялга үстөмөндүк кылуу максатындагы инструмент катары колдонбойт.
+4
Kairat1996
2019-11-25 14:40:35
Баары туура. Оройлук - бул акылсыздардын озун акылдуумун деп элестеткендер. Оройлук - жан дуйнонун чириген оорусу.
+2
Sajakat14
2019-11-25 16:22:09
Эми атасы апасына орой болсо убагында баласы анан эркек деген ушундай болот турбайбы деп чоңоётда.Эркек бала өзүнө өзү ишенген,аялзатына сый урмат мамиле жасай алган инсан катары чоңоюш үчүн ошондой тарбия көрүш керек!Эркек баланын жакшы көргөн иши болуш керек, өзүнө болгон өзүн өзү баалоосу жогору болуш керек.Ата энеси ал балага ишенип, жасаган жакшы иштерин мактап чоңойтуш керек. Жакшылык көрүп туура үлгүлөрдү көргөн балада кийин өзүнадамсезеалыш үчүнбирөөгөоройлуккөрсөтүү муктаждыгыжокболот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан