Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде болгон. Экономиканын анык өсүшү дагы 3,5 пайызды түзгөн. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн.
Республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 122 миллиард 140 миллион сомду түзгөнү же ал планга карата 95,2 пайызга аткарылганы белгилүү болду. Ал эми мамлекеттик бюжет 6 миллиард 188 миллион сом тартыштык менен аткарылган. Андан сырткары, өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн.