"10 ай аралыгында 66 миллиард 500 миллион сом салык чогултулду" деп бүгүн, 25-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиев билдирди.
Депутат Сайдулла Нышанов салык кызматынын башчысына кайрылып: "Акыркы 10 ай аралыгында канча салык чогултулду?" - деп суроо узатты.
Буга Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев: “Жалпысынан 10 ай аралыгында 66 миллиард 500 миллион сом салык чогултулду. Ноябрь айында дагы 7 миллиард сом чогултулат. Ошондо план боюнча дагы 22 миллиард 5 миллион сом калат”, - деди ал.
Депутат жыл аягына чейин дагы канча салык чогултуларына кызыкты.
"Ноябрь айында 7 миллиард сом чогултулса, декабрь айында 8 миллиарддай чогултулат. Ошондо дагы 11 миллиард сом калып жатат, анча акчаны аз убакыттын ичинде чогултуу мүмкүн эмес", - деди Абдалиев.