Кыргыз өлкөсүндө бажы тутумунда түзүлгөн кырдаал боюнча өкмөткө массалык маалымат каражаттары тарабынан комментарий берүү тууралуу сунуштар көп түшкөндүктөн, өкмөт өтүнүчтөр боюнча жалпы түшүндүрмө берүүнү чечкен. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы маалымдайт.
"ЖМКлардагы акыркы маалыматтардан кийин бажы органдарынын иши кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда болуп калды. Бул материалдарда чагылдырылгандардын баары, анын ичинде мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан тыкыр иликтенүүдө.
Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын жетекчилерине кыска убакыттын ичинде териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, ар тараптуу жана терең териштирүү үчүн ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Өкмөт ошондой эле Түркияда чет элдик бизнесмендин өлтүрүлүшүн иликтөө максатында түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын ишине бардык күчү менен аракеттешүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан жоюу иши учурдагы өкмөт тарабынан тутумдуу негизде жүрүп жатканы жана азыркы таптагы коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин өкмөт түшүнүп турганы тууралуу дагы жазылат.
"МБКнын натыйжалуу иши - бул мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтуруу гана эмес. Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси, мыйзамдуулукту сактоо же тилекке каршы, учурда бажычылардын ишинде орун алып, бийликтин коррупцияга каршы күрөштөгү бардык күч-аракетин жокко чыгарган коррупциялык көрүнүштөр болуп саналат. Өкмөт МБКнын тутумун тартипке келтирүү максатын катуу койгон. Биз ушул бекем багытты өлкө президентинин деңгээлинде биримдиктин бажы чек арасында үч жолку көзөмөл киргизүү сунушталган ЕЭАБ боюнча өнөктөштөрүбүз менен бирге жүргүзүп жатабыз", - деп жазылат маалыматта.