Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калган жок". КҮНСОБОЛ

Өткөн аптада "Азаттык" "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" деген иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. Макаладан улам социалдык тармактын колдонуучулары талаш-тартыш жараткан талкуу жүргүзүп, алардын арасында Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калды дегендер да бар.

SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калдыбы?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев "Азаттыктын" иликтөөсүндө саясий оюндар жок деген пикирде.

"Азаттыктын" иликтөөсүндө АКШнын, Орусиянын кызыкчылыгы жок. Ар бирибиз Кыргыз мамлекетинин жараны болгондон кийин өлкө үчүн күйүшүбүз керек. Кандайдыр бир өлкөнүн кызыкчылыгы корголуп жатат деген сөз ууруларды колдогон адамдардын дооматы жана ушагы болуп эсептелет. Башка күчтөрдүн кызыкчылыгы жок. Буга чоң саясатчылар дагы аралашкан жок. Бул жерде саясий оюн жок. АКШнын авиабазасына байланыштуу маселе тууралуу сөз болсо, кызыкчылык бар деп айтса болот эле", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан