Өкмөт полимердик материалдардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүүнү демилгеледи

Кыргыз өкмөтү "Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды (баштык, кап, таңгактоочу материалдарды) калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан маалымдайт.

Маалыматка ылайык, токтом долбоордун максаты жана милдети - бул айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана таңгактоочуу полиэтилен баштыктардан пайда болгон калдыктардын көлөмүн азайтуу болуп саналат.

"Өлкөдө полимер материалдарынан жасалган баштыктар турмуш-тиричиликте абдан көп колдонулуп, катуу калдыктарды таштоочу жайларда чогулууда. Көп учурларда мындай калдыктар экономикалык жактан пайдасы жок болгондуктан, иргелип кайра иштетилбейт. Бул болсо курчап турган чөйрөнүн жана суу объектилеринин булганышына алып келүүдө. Тиричилик калдыктарын сактоочу жайларында азыркы учурда болжол менен 16 миллион 409 миң 629 тонна таштанды бар. Инвентаризация учурунда калдыктардын болжолдуу морфологиялык түзүлүшү аныкталган. Ага ылайык, таштандылардын 21 пайызын полимер калдыктары түзөт. Полимер материалдарынан жасалган таңгактоочу баштыктардын курамындагы заттар жаратылыштын климаттык факторунун таасиринен бузулбайт жана күйгүзүүдө айлана-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу туруктуу органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгарат", - деп жазылат маалыматта.

Бул долбоор кагаз баштыктарды өндүрүүнү жолго салууну жана курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууну шарттайт.

Документтин долбоору коомдук талкууга коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан