Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде 4 миңден ашык кызматкер коопсуздукту камсыздайт

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитине карата коопсуздукту камсыздаган кызматкерлерге ысык тамак жана ысык чай берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда өткөн маалымат жыйында Чүй ОИИББинин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Сапарбек Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, 27-28-ноябрь күндөрү борбордогу коопсуздукту 4 миңден ашык кызматкер камсыздайт.

"Биз кызматкерлерди убак-убагы менен алмаштырып, ысык тамак, чай менен камсыз кылабыз" деди ал.

Ал эми Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов даярдыктар жакшы экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан