Депутат: "Өткөн жылы аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук фактысынын саны 7 миңден ашкан"

Былтыр аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча 7 миңден ашык факты катталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

25-ноябрдан тартып 10-декабрга чейин дүйнө жүзү боюнча аялдар жана кыздарга карата гендердик зордук- зомбулуктун алдын алуу боюнча 16 күндүк акция жүрөт. Бул акция 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. Биздин коомдо аялдар дайыма маанилүү орунду ээлеп келген.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына аялдардын жана эркектердин укугу жана мүмкүнчулүгү бирдей болсун деген принцип кабыл алынган. Мындан улам саясий партияларга аялдардын квоталарын киргизүү каралып баштаган.

Аялдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча көптөгөн чаралар кабыл алынганы менен аялдардын укугун бузган учурлар көп катталууда. Мисалы, ала качуу, зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу фактылар. Улуттук статистика комитети берген маалыматтарга ылайык, 2018-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 7 миң 39 факты катталган. Аялдар жана кыздарга карата 1 миң 500дөй кылмыш жасалган. Анын ичинде адам өлтүрүү, зордуктоо фактылары да бар.

Азыркы учурда аялдарга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Эл аралык стандарттарды жана тажрыйбаны эске алуу менен бул аракеттерди күчөтүү керек. Учурда депутаттар тобу тарабынан үй-бүлөлүк кодекс, балдар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү каралууда. Жогорку Кеңеш ар дайым аялдардын жана кыздардын укугун коргоого салым кошот деп ишенем", - деди Алтыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан