Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 3 судьясы кызматынан бошотулду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны жана Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу сунушун жактырды.

Комитет жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, азырынча 6 судья гана иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан