Депутат: "Евро биримдиктин акчасын алып, кичине окшоштуралы дедик, бирок болгон жок. Аларга “силерди туурайбыз деп уят болуп калдык” деп айтып коюу керек"

"10 жылдан бери аткарылбаган иш 2 жылда кантип аткарылсын? Евро биримдиктин акчасын алып, кичине окшоштуралы дедик, бирок болгон жок. Аларга “силерди туурайбыз деп уят болуп калдык” деп айтып коюу керек", - деп бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Комитет жыйынында "Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.

"Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин орусчасын алып, сары менен бөлүп койдум анда бир эле бөлүмдү эмес жарымы өзгөрүүгө тийиш болот. Конституция боюнча ушул норма 3 жолу 2007-жылы, 2010-жылы, 2016-жылы жаңы редакцияда кирди. Биз мыйзамдарды аткарбай жатабыз. Мындайча айтканда, бир инспектор даярдайт, баары ошого макул болот. Премьер-министр ошого кол коюп коёт.

Бардык мыйзамдарда Ош шаары жок, эмне себептен? 2007-жылы ката кеткен, 2010-жылы ал ката кайталанды. Ошол эле көрүнүш 2016-жылы да кайталанды. Мыйзамдарды эч ким окубайбы? Кечээ жакында эле өлкө башчы эки жылдык отчётун бергенде сот реформасын саботаж кылгандарды да жазалайм деп айтты. Мына бул жерде саботаж болуп жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан