Бишкекте тонолгон банктын филиалынан алынган акчанын суммасы эсептелүүдө

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөсүндө тонолгон банк ЭкоИсламик банктын филиалы экени аныкталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Филиалдан алынган акчанын суммасы учурда такталууда. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Бишкектин Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде банктардын биринин филиалы тонолгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, филиалды менчик күзөт агенттигинин кызматкерлери кайтарчу. Анда белгисиз адамдар күзөт кызматкерлерин сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен. Бишкекте "перехват" планы жарыяланган.



Бишкекте банктардын биринин филиалы тонолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
titanik32
2019-11-26 15:10:53
Канча суммадакы акча уурдалганын эсептеп эмне кыласыңар баш оорутуп,кеч Ала тоо 24 каналдан айта салады гой.)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан