"Азаттыктын" "Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо" деп аталган журналисттик иликтөөсүндө Хабибулла Абдукадыр деген адамдын аты аталып, ал аткезчилик схеманын башында турат деп айтылган. Андан кийин интернетке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева экөө Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн сүрөтү жарыяланган.
Бул сүрөттү көргөндөр Хабибулла Абдукадыр менен Атамбаевдин жакын мамилеси болгон деген жыйынтыкка келишсе, кээ бирлери фотошоп менен жасалган сүрөт деген божомолун айтып, ишенишкен эмес.
"Фактчек.кж" басылмасы бул сүрөткө атайын программалардын жардамы менен анализ жүргүзүшкөнүн жазышты. Көптөгөн анализдердин жыйынтыгында сүрөт фотошоп менен жасалбагандыгы белгилүү болгону жазылат аталган басылманын маалыматында. Сүрөттөгү өңдөрдүн айкалыштары, коллаж, оригиналын издөө өңдүү программадагы функциялар сүрөттүн оригинал экенин көрсөткөн.
"Азаттыктын" иликтөөсүндө Алмазбек Атамбаев Хабибулла Абдукадыр менен аны Сооронбай Жээнбеков тааныштырганын айткан. Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбековдун жообун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан.
Интернетке жарыяланган бул сүрөт боюнча КСДП азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.