Бүгүн, 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз өлкөсүнө иш сапары, ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу сүйлөшүштү.