Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин комитетине түшө элек

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине түшө элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына аталган комитеттин төрайымы Наталья Никитенко билдирди.

Өткөн аптада өкмөттүн басма сөз кызматы аталган комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан