29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.
4-ноябрда комиссия ишин жыйынтыктаганы маалым болгон. Бирок түркүн шылтоолордон улам өткөн аптада гана өкмөттүн басма сөз кызматы аталган комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлаган.
Комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине дагы деле түшө электиги белгилүү болду.
SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы кечиктирилип жатканынын сыры эмнеде?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, комиссияны Жеңиш Разаков жетектегени кош стандарттуулук.
"Комиссиянын жыйынтыгына карата шек жараткан суроолор болуп жатканы күтүлгөн нерсе болчу. Анткени башында эле юристтер, жарандар, көз карандысыз эксперттер комиссиянын легитимдүүлүгүнө шектенишкен. Күч түзүмдөрдү тейлеген жана Кой-Таштагы операцияга өзү катышкан Жеңиш Разаковдун комиссиянын башында турганы кош стандарттуулук жана бул комиссия объективдүү эмес болоруна негиз түзүп берген. Чындыгында бул комиссияны парламент өзү түзүшү керек. Укуктук жана саясий баа берүүгө ошол гана комиссия укуктуу болуш керек болчу. Өкмөт өзүнүн курамында болгон күч түзүмдөрүнө карата кандайдыр бир кеңеш же сын-пикир жазууга дарамети жетпейт жана алардын кызыкчылыгына дагы төп келбейт. Комиссияга Атамбаевди жаман көргөн, жеке таарынычы бар адамдарды кошуп койгону дагы түшүнүксүз. Бул жерде бир гана ошол Атамбаевдин үйүнө болгон чабуулду легитимдештирүү, мыйзамдаштыруу жана саясий жагынан актоо аракети болду. Бул комиссиянын ишине эч кимдин ичи жылыган жок. Көптөр сын-пикир айткандыктан, бул комиссиянын иши басаңдап, алдыга жылбай турат. Ошол комиссиянын мүчөлөрү өздөрү деле юрист болгондуктан, жакынкы келечекте аларга карата укуктук баа берилип калышы мүмкүн деген шек санашкандыктан, бул комиссиянын жыйынтыгы кечеңдеп жатат", - дейт Турдукулов.