Бүгүн, 26-ноябрь күнү кыргыз шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү көзү өтүп кеткен кесиптештерине багыштап түлөө өткөрүштү. Бул маалыматты ырчы Мирлан Баеков SUPER.KG порталына тастыктады.
"Бүгүн көзү өтүп кеткен эже-агалардын арбагына багыштап, түлөө өткөрдүк. Майра Керим кызынын уулу Акжолтой автокырсыктан каза болгондо, Сыймык Бейшекеев агабыз түлөө өткөрүп коёлу деп сунуштаган эле. Эшенкул Барпиев, Райхан Абдувалиева, Асел Турдалиева ага-эжелерибиз аны колдоп, ишке ашырышты. 10 күн ичинде уюштуруп, бүгүн маркум кесиптештерибизге багыштап куран окуп, түлөө өткөрдүк. Жалпысынан 250 кишиге дасторкон даярдалган экен, 160ка жакын киши келди. Көпчүлүгүнүн шарты болбой, келе албай калышты", - дейт Мирлан.