Саясатчы Бектур Асанов: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгын Жогорку Кеңеш саясий абалдар тынчыгандан кийин караса керек". КҮНСОБОЛ

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

4-ноябрда комиссия ишин жыйынтыктаганы маалым болгон. Бирок түркүн шылтоолордон улам өткөн аптада гана өкмөттүн басма сөз кызматы аталган комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине дагы деле түшө электиги белгилүү болду.

SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы кечиктирилип жатканынын сыры эмнеде?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү маалымдалганын билдирди.

"Комиссиянын мүчөлөрү жыйынтыкты Жогорку Кеңешке беришкенин айтышкан. Комитетке түшө электиги боюнча маалыматым жок. Бул жерде кеп Жогорку Кеңеште болуп жатат го. Саясий абал бир жумадан бери тынч эмес, митинг болуп жатат. Парламент ушул иштер бүткөндөн кийин карайбыз деп жатышса керек", - дейт Бектур Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан