Бахадыр Кочкаров калыстык карьерасын жыйынтыктады

Бүгүн, 26-ноябрь күнү Куала-Лумпурда (Малайзия) AFC Referees Memento Awards -2020 - арбитрлерди узатуу салтанаты болуп өттү. Анда салтанаттуу түрдө футбол боюнча атактуу калыс Бахадыр Кочкаровдун эл аралык карьерасынын жыйынтыкталганы айтылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынан билдиришти.

Кочкаров кылган эмгеги үчүн Азия футбол конфедерациясынын атайын сыйлыгына татыды.

Белгилей кетсек, Бахадыр Кочкаров 1997-жылы калыстык ишмердүүлүгүн баштаган. Акыркы эл аралык беттешин 2019-жылы 10-майда өткөргөн. Ал Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгүнүн 9 беттешине калыстык кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abdizhapar
2019-11-26 23:28:45
Бизге мунун не кереги бар журогу башканын
-8
ulanbek2000
2019-11-27 08:18:25
Abdizhapar,футболду түшүнбөйсүң сага кереги жок. Башкалар үчүн маанилүү.
+4
Nur777
2019-11-27 02:47:53
Жакшы эмгек кылдыныз,жакшы калыстык кылганыз боюнча жылуу кептер айтылып келет,калыстык жагынан болсо да Кыргызстандын аты чыгып турду,эми оргууго чыгыпсыз,жакшы эс алыныныз,ден соолук сизге!
+9
KAYRATBEK
2019-11-27 14:26:11
Бахадыр аке Кыргыз болбосонуз дагы Кыргызстандын атын дуйного таанытканга салымыныз чон. Аны билебиз. Биз кыргыздар сиздей дуйнолук ФИФА рейтингиндеги футбол калысын жетишеерлик сыйлай албадык. Сиздер ото чон дуйнолук оюндарда калыстык кылдынар. Озбекстан сизди бироонун жараны деп болбостон, канчалык жакшы жана эмнелер менен сыйлаганын билебиз. Жеке озумдун атымдан кечирим сурайм. Мындан аркы ишинизге ийгилик бакубат жашоо каалайм. Аман болунуз бар болунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан