"Бардык нерсе өз учурунда айтылса жакшы болмок" деп бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов айтты.
"Бүгүн чоң жыйын өткөнү жатат, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму. ЖККУнун мурунку жыйынынын алдында да, Владимир Путин келер алдында жаман ойлор болгон. Кесиптештериме кайрылгым келет, келиңиздер кичине тынчтанып, ушундай делегаттар келип жатканда өзүбүздүн жакшы жактарыбызды көрсөтөлү.
Ооба, митинг да болуп өттү, жарандар өз позициясын көрсөтүштү, ага кимдер катышканын да көрдүк. Кой-Таш боюнча иликтөө бүттү, укук коргоо органдары турат, алар иликтесин. Аткезчилик боюнча кечээ комитетте каралды. Өкмөт жарандарга туура маалымат берип, жеткириши керек. Социалдык тармактар аркылуу башка нукка бурулуп кетип жатат.
Бири-бирибизди жамандап, сөз айткандар, экс-президенттин учурунда ошол сөздөр эмнеге айтылган эмес. Ар бир нерсе өз учурунда айтылса жакшы болмок", - деди депутат.
Буга чейин депутат Ирина Карамушкина президентке импичмент жарыялоо убактысы келди деп айтып, депутаттардын жемесин уккан болчу.