Парламентте сотко катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамды Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Үчүнчү окуудагы мыйзам долбоорун жалпы жыйынга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков алып чыкты.

"Мыйзам долбоору "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамды Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле аталган чөйрөдө коомдук мамилелерди жөнгө салуунун механизмдерин жакшыртуу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоорунда жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларга карата мамлекеттик коргоо чараларынын, анын ичинде алардын коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларынын тутумун киргизүү каралган, ошондой эле аларды колдонуунун негизин жана тартибин аныктаары белгиленген", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан