UFC расмий түрдө Валентина Шевченконун кезектеги беттеши качан болорун жарыялады

UFC уюму жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченконун кезектеги беттеши качан жана атаандашы ким болорун расмий түрдө жарыялады.

Шевченко чемпиондук наамын 8-февралда UFC 246 турниринде коргойт. Анын атаандашы америкалык Кэтлин Чукагян болот.

Шевченко чемпиондук курун буга чейин эки жолу ийгиликтүү коргой алган. Ал Жессика Ай жана Лиз Кармушту жеңип алган.

Кэтлин Чукагян 30 жашта, ал карьерасында 15 жолу беттеш өткөргөн. Анын 13 беттешин жеңсе, экөөсүндө утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars88
2019-11-27 11:30:53
Ийгилик сага.Сендей жонокой болушса баары коруп атабыз USCге чыкандардын баары оздорун звезда сезишип чыр чатактын устундо журушот качан болсо
+4
bond02
2019-11-27 11:41:03
Bars88,USC бул баягы сен беттешке чыгып жургон уюмбу?
-3
souza.j
2019-11-27 11:38:10
Валя ийгилик. Октой тез соккулардан уруп мурдун тенизде.
+2
rafo80
2019-11-28 03:03:29
Биздин сары кызыбыз сулуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан