Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жазган. 16-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазылган катка тийиштүү документтер керек экенин айтышкан. Анын жактоочусунун айтымында, 17-октябрда катка керектүү документтер тиркелип, тийиштүү жерге жөнөтүлгөн. Жапаровдун президенттен ырайым сурап жөнөтүлгөн каты боюнча ырайым кылуу маселелер боюнча комиссия эч кандай маалымат жок экенин билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына эмне үчүн бир айдан бери реакция болбой жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетиндеги эң популярдуу саясатчы деген пикирде. "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына бир айдан бери реакция болбой жатканы баарына эле түшүнүктүү. Садыр Жапаров бийликтин күч колдонуусу менен камалып кеткен. Мурунку бийликтин убагында иштегендер дагы деле бийликте. Садыр Жапаровдун көтөрүп жүргөн маселеси бул коррупцияга малынган аткаминерлердин кекиртегине тыгылган чоң түйшүк болгон. Ал мыйзамга ылайык, ырайым сурап кат жазды. Бирок реакция боло элек. Жапаров Кыргыз мамлекетиндеги эң популярдуу саясатчы болуп эсептелет. Анын күйүмдүү саясатчы экенин "Кумтөр" маселесин көтөргөнүнөн эле билсе болот", - дейт Каныбек Осмоналиев.