Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун бир тууганы Чынара Темирова коомчулукка кайрылды. Кайрылууну ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Билдирүүдө ал өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго УКМК тарабынан кармалган байкесинин окуясына көңүл бурууну айткан.
"Байкем Автандил Жоробеков 24-ноябрда кармалды. Ага "аймактар аралык касташууну козутуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал 25-ноябрда адамдарды тынчтык митингине чакырганга үндөгөн жана баракчасында жарыялаган билдирүүсү үчүн айыпталууда. Ал өлкөгө көп жакшы иштерди кылган. Ал коррупция боюнча айтуудан корккон эмес. Байкем өлкөдө сөз эркиндигине жана оюн жеткирүүдө укугу бар", - деп айткан ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалганын УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков болгон. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.