"Алимент төлөгөндөн качып жүрүп, карызы 500 миң сомго чейин жеткендер бар", - деп бүгүн, 27-октябрда Сот департаментинин өкүлү Таалайбек Мукалаев билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
"Мыйзамга ылайык, 7ден 14 жаш курактагы бир балага алименттин өлчөмү ата-эненин иштеп тапканынын төрттөн бир бөлүгүн түзүүгө тийиш, бирок 4 миң 143 сом жашап туруу минимуму, алимент анын жарымынан аз болбоосу керек. Минималдык алименттин өлчөмүн 1 миң 800 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда", - деди депутат Айсулуу Мамашева.
Сот департаментинин өкүлү Таалайбек Мукалаев: "Алимент төлөөдөн качып жүргөн айрым адамдардын карызы 400-500 миң сомго чейин өсүп кетип жатат. Буга байланыштуу сот аткаруучуларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, алардын штатын дагы 177 бирдикке көбөйтүү каралууда", - деди.