Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жазган. 16-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазылган катка тийиштүү документтер керек экенин айтышкан. Анын жактоочусунун айтымында, 17-октябрда катка керектүү документтер тиркелип, тийиштүү жерге жөнөтүлгөн. Жапаровдун президенттен ырайым сурап жөнөтүлгөн каты боюнча ырайым кылуу маселелер боюнча комиссия эч кандай маалымат жок экенин билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына эмне үчүн бир айдан бери реакция болбой жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова бийлик коомчулуктун пикири менен эсептеши керектигин айтты. "Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетиндеги эң чоң байлык "Кумтөрдүн" байлыгы мамлекетибизге кызмат кылса деген чындык үчүн акыйкатсыз, адилетсиз, мыйзамсыз камалып отурат. Ал абдан чоң азап кайгыны башынан өткөрдү. Жапаров акыйкатсыз, адилетсиз, мыйзамсыздыкка туруштук бере алды. Ошончолук эрки күчтүү инсан. Мен саясатчы катары көптөгөн саясатчыларды көрдүм, бирок ошондой эрки күчтүү жигиттерди чанда эле көрдүм. Ошолордун бири Садыр Жапаров. Бирок кайгынын үстүнөн кайгынын келгени анын жан дүйнөсүн талкалап, жүрөгү токтобой тургандай болуп канталап калды. Мындай азапты эч бир адам көрбөсүн. Баласынын акыйкатсыз камакта жатканына жүрөгү чыдабай, ата-энеси каза болду. Андан соң баласы кырсыкка кабылды. Мына ушундай адам чыдагыс кайгы муңга батса дагы Садыр Жапаров өзүнүн позициясынан кайткан жок. Ал эмне үчүн ырайым сурады? Ал келинчеги Айгүл, балдары оор абалда сынып калбасын деп ушундай кадамга барды. Садыр Жапаров ата катары балдарына, жар катары өзүнүн келинчегине керектигин түшүнүп турат. Бир туугандарына дагы тирек катары керек. Эл-журт дагы Садыр Жапаровду социалдык тармактардан колдоп жатышат. Садыр Жапаровдун абалын сүрөттөп бере албайм. Анын абалын сүрөттөө өтө татаал. Ырайым жазардын алдында миң жолу ойлонду. Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров ырайым сураса, боштондукка чыгарам деген сөзү бар. Эмне үчүн реакция болбой жатканы мага да түшүнүксүз. Жок же бар деп жооп бериши керек эле. Бул жерде Садыр Жапаровдун эле тагдыры эмес, анын үй-бүлөсүнүн, бир туугандарынын тагдыры турат. Бийлик коомчулук менен эсептеши шарт. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Садыр Жапаровдун боштондугун суранып жатканын эске алып, президент Сооронбай Шарипович бул маселеге көңүл буруп, Садыр Жапаров жакын арада боштондукка чыгат деп ишенем", - дейт Жылдызкан Жолдошова.