Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жазган. 16-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жазылган катка тийиштүү документтер керек экенин айтышкан. Анын жактоочусунун айтымында, 17-октябрда катка керектүү документтер тиркелип, тийиштүү жерге жөнөтүлгөн. Жапаровдун президенттен ырайым сурап жөнөтүлгөн каты боюнча ырайым кылуу маселелер боюнча комиссия эч кандай маалымат жок экенин билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сурап жазганына эмне үчүн бир айдан бери реакция болбой жатат?" деген собол салды.
Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков "Кумтөр" маселеси козголот деп Садыр Жапаров чыгарылбай жатса керек деген пикирде.
"Садыр Жапаров бошотулса, келе жаткан шайлоолорго тоскоолдук жаратат деген ойлор болуп жатышы мүмкүн. "Кумтөр" маселеси козголот деп Садыр Жапаров чыгарылбай жатса керек. Реакция болушу үчүн бийликке басым жасаш керек. Бийлик өзүнүн абийири менен жакшы иш жасабай турган болуп калды", - дейт Жунусбеков.